Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин укуктук жолдоо жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча сектордун эки башкы адистин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоо үчүн ачык сынак жарыялайт

245623640220

Квалификациялык талаптар:

  • юридикалык жогорку билим;
  • тиешелүү жумушта 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
  • Мыйзам чыгаруу жана ченем жаратуу иш тажрыйба;
  • сотто доо коюу иштери боюнча тажрыйба;
  • заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен укуктук документтерди системалаштыруу, эсепке алуу жана жүргүзүү боюнча иш тажрыйба;
  • жалпы мыйзамдарды билүү:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасыны мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама;
  • Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
    типтүү нускама;
  • предметтик мыйзамдарды билүү:
  • “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
  • “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деӊгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • компьютердик жактан сабаттуу жана оргтехника менен иштөөнү билүү,

Шарттар:

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
  • сыноо мөөнөтү аӊгемелешүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет;

Милдеттер:

 Агенттиктин ишинде мыйзамдуулукту сактоо боюнча жумуш аткарат жана анын укуктук кызыкчылыктарын коргойт;

— Агенттиктин иши жана депозиттерди коргоо системасы маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар долбоорлорун иштеп чыгуу жолу менен Агенттиктин ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү боюнча жумуштарды жүргүзөт;

— Агенттикте даярдалып жаткан буйруктар, нускамалар, жоболор, стандарттар жана укуктук мүнөздөгү башка актылар долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзөт, аларга жоопкерчилигин ырастап кол коёт, ошондой эле зарыл болгон учурларда ушул документтерди даярдоого катышат;

— Агенттикте мыйзамдарды бузуу менен чыгарылган актыларды өзгөртүү же жокко чыгаруу боюнча чараларды кабыл алат;

— Агенттиктин ишинде, ошондой эле макулдашууга келип түшкөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда пайда болуп жаткан укуктук маселелер боюнча корутундуларды даярдайт;

— Агенттиктин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча укуктук маселелерди кароодо Агенттиктин кызыкчылыктарын сотто, ошондой эле мамлекеттик жана кооомдук уюмдарда коргойт;

— “Банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” жобого ылайык көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча иштерди жүргүзөт;

— Агенттиктин ишинде келип чыккан укуктук маселелер боюнча корутундуларды, ошондой эле макулдашууга киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоону уюштурат.

— Агенттиктин кызматкерлерине колдонуудагы мыйзамдар жөнүндө маалымат берет, ошондой эле Агенттиктин кызмат адамдары тарабынан алардын ишине таандык ченемдик-укуктук актыларды изилдөө боюнча жумуштарды уюштурат;

— Агенттиктин кызматкерлерине укуктук маселелер боюнча консультация берет.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү менен);
  • өмүр баян;
  • резюме;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • тиешелүү кесиптик билимин жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин);
  • аскердик каттоо документтеринин көчүрмөлөрү (аскер кызматына милдеттүүлөр жана аскер кызматка чакырылууга тийиш болгон адамдар үчүн);
  • сунуш каттары (эгер бар болсо).

Сынак мөөнөтү жарыялана элек

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.