Кемин шаарынын мэриясы жана Кемин шаардык кеңеши шаар тургундарын коомдук бюджеттик угууларга катышууга чакырат.
Коомдук угуунун негизги максаты — Кемин шаарынын кийинки жылга карата бюджетин түзүү долбоору боюнча маалымат берүү, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо жана тургундардын сунуш-пикирлерин угуу.
Өткөрүлүүчү күнү:
2026-жылдын 03-июлу
Убактысы:
саат 10:00
Өткөрүлүүчү жери:
Кемин шаарынын Маданият үйү
Күн тартиби:
1. Презентация
Кийинки жылга Кемин шаарынын бюджетин түзүү долбоору боюнча маалымат берилет.
2. Талкуу
Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары каралат.
3. Ачык диалог
Бюджеттин акыркы долбооруна киргизүү үчүн тургундардын сунуштары, сын-пикирлери жана суроолору кабыл алынат.
Кемин шаарынын мэриясы шаар тургундарын активдүү катышууга чакырат. Сиздердин сунуштарыңыздар жана пикирлериңиздер шаарыбыздын өнүгүүсү үчүн маанилүү.