Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (мындан ары — Агенттик) тышкы аудитти жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитордук уюмду жыл сайын аныктайт жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте тышкы аудит кызматтарын сатып алат.
2025-жылга карата финансылык отчеттуулуктун аудитинин жана ИТ-аудиттин баасына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында, өз сунуштарыңызды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүңүздөрдү суранабыз:
Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү:
📅 2025-жылдын 28-апрели
Агенттиктин финансылык отчетуна аудит жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитордук компанияга карата минималдуу талаптардын тизмеси, тышкы аудит кызматтарын сатып алуу боюнча техникалык шарттар, ошондой эле ИТ-аудитти жүргүзүү үчүн техникалык талаптар Агенттиктин расмий сайтында жайгаштырылган:
Тиркемеде: тиешелүү документтер.