КЕМИН ШААРЫНДА КЕЗЕКТЕГИ V ЭЛДИК КУРУЛТАЙГА ДЕЛЕГАТ ТАНДОО БОЮНЧА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМДОШТУКТАРДЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТӨТ.
2026-жылдын 24-октябрында саат 10:00дө Кемин шаарынын маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын “Кезектеги V Элдик Курултайына” Кемин шаарынан делегат тандоо боюнча жыйын өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, делегаттарды тандоо процессинин экинчи этабы Кемин шаарында 2026-жылдын 13-октябрынан 15-октябрынын аралыгында өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 50 делегат тандалган.
Алдыдагы жыйында жергиликтүү коомдоштуктардын 50 өкүлүнүн катышуусунда “Кезектеги V Элдик Курултайга” Кемин шаарынын атынан баруучу бир делегат аныкталат.
“Элдик Курултай” — жарандардын коомдук маанидеги маселелерди талкуулоосуна жана элдин үнүн жеткирүүгө багытталган маанилүү коомдук аянтча.