Кыргызстанда “Глобалдуу акча жумалыгы — 2025” кампаниясы расмий ачылды

АЗД cover publication GMW 01 1536x1010

8-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде (КР УТМ) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандагы «Глобалдуу акча жумалыгы — 2025» (GMW-2025) кампаниясынын расмий ачылышы болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана өнөктөш уюмдар тарабынан уюштурулду.

Глобалдуу акча жумалыгы – 2025тин урааны:
«Акылмандык башта, эртең акча капчыкта».
Бул ураан жаштарды финансылык инструменттер тууралуу ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн чагылдырат.

8-апрелден 15-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги республика боюнча жогорку окуу жайларда:

  • конок лекцияларын,
  • Ачык эшиктер күндөрүн,
  • викториналарды жана сынактарды өткөрөт.

Финансы жарманкесинин алкагында 8–9-апрелде Агенттиктин өкүлдөрү Баткен облусунда Баткен мамлекеттик университетинде жана өнөр жай колледждеринде конок лекцияларын өткөрүштү.
9-апрелде Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жана Жалал-Абад облусунун Эл аралык университетинде ААК «Элдик Банк» менен биргеликте лекциялар уюштурулду.

Global Money Week — бул каржы дүйнөсү тууралуу көбүрөөк билүү, эксперттерге суроо берүү жана жеке жана үй-бүлөлүк бюджет үчүн пайдалуу чечимдерди табууга мүмкүнчүлүк берген эл аралык демилге.

Бул иш-чара Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ОЭСР) финансылык билим берүү боюнча эл аралык тармагынын демилгеси менен дүйнө жүзүндө өтөт.
«Глобалдуу акча жумалыгы — 2025» алкагындагы сүрөттөр биздин расмий баракчаларда жарыяланууда:

  • Facebook: facebook.com/depositkg
  • Instagram: instagram.com/deposit_kg

Иш-чара финансылык сабаттуулуктун актуалдуу маселелерин талкуулоочу аянтча болуп, анда мамлекеттик органдардын, финансы институттарынын, коммерциялык банктардын өкүлдөрү жана финансылык блогерлер өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Букуев Кадырбек Джумабекович депозиттерди тартуучу финансылык уюмдар тууралуу кеңири маалымат берди.

«Урматтуу жаштар! Кыргызстанда калктын саны 7 миллиондон ашат, анын 35%ы — 14 жаштан 35 жашка чейинкилер. Жаштар банк кызматтарына активдүү кызыгып жатасыздар. Депозиттерге салынган каражаттар мамлекеттин ишенимдүү коргоосунда.
2008-жылдан бери жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин депозиттерин коргоо жөнүндө мыйзам иштеп келет.
2025-жылы коммерциялык банктардагы депозиттик база 605 миллиард сомдон ашты. Депозиттер боюнча пайыздык чендер учурда 17–18% түзөт», — деп белгиледи Кадырбек Букуев.

Ал ошондой эле Кыргызстандын банк системасы туруктуу өнүгүп жатканын, банк лицензиясын жокко чыгаруу акыркы 10 жылдан ашык убакытта болбогонун кошумчалады. Банк жабылган учурда Агенттик 30 күндүн ичинде пайыздарын кошкондо 1 миллион сомго чейин компенсация төлөйт.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.