Географиялык абалы

Кемин шаары Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда жайгашкан райондук борбор болуп саналат. Шаар Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө орун алып, Казакстан менен чек арага жакын жайгашкан жана Чоң-Кемин дарыясы агып өткөн кооз аймактын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Жалпы аянты 10,4 км² (1040 га)
Борбор калаага аралык 100 км
Жакынкы аэропорт 140 км
Почталык индекс 724511
Дарек Кемин шаары, Победа көчөсү №29
Байланыш телефону 0313 55 03 43

Жайгашуусу жана чек аралары

  • Кемин шаары Чүй облусунун чыгыш бөлүгүндө, Чүй өрөөнүнүн чыгыш тарабында жайгашкан.
  • Казакстан Республикасы менен чек арага жакын аймакта орун алган.
  • Шаар аймагынан Чоң-Кемин дарыясы жана Чүй дарыясы, ошондой эле Чоң Чүй каналы (БЧК) өтөт.
Белгилүү маалымат: Деңиз деңгээлинен бийиктиги — 1500 м.

Шаардын түзүмү

  • Шаар курамына 1 кичи район кирет: Нур кичи району.
  • Көчөлөрдүн саны: 48 көчө (асфальтталган жолдор менен).

Транспорттук жеткиликтүүлүк

Көрсөткүч Маалымат
Эл аралык маанидеги унаа жолу Бишкек – Нарын – Торугарт багыты (шаар аймагындагы бөлүгү ~3 км)
Ички жолдор Асфальтталган жана көчө жарыктары бар; жалпы узундугу ~120 км. Ички жолдордун ичинен 4 негизги көчө бар (ар бири ~2 км).
Темир жол Бишкек – Балыкчы темир жолу шаар аркылуу өтөт; темир жол станциясы бар.

Кыскача климаттык мүнөздөмө

  • Кеминдин климаты кескин континенттик мүнөзгө ээ.
  • Орточо жылдык аба температурасы: +10,2 °C, эң суук ай — январь (−4,7 °C), эң жылуу ай — июль (+24,5 °C).
  • Орточо жылдык салыштырмалуу нымдуулук: 60%; жылына орточо 322 күн күнөстүү.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.