Урматтуу Кемин шаарынын тургундары!
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» жарлыгынын талаптарын аткаруу максатында, 2025-жылдын 20-сентябрында Кемин шаарында жалпы ишембилик өткөрүлөт.

Ишембиликке Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук башкармалыктардын жана Кемин шаарынын мэриясынын кызматкерлери, ошондой эле шаар калкы активдүү катышууга чакырылат.
Бардык шаар тургундарын тазалык иштерине кошулуп, айлана-чөйрөнү таза сактоого, коомдук жайларды иретке келтирүүгө жана экологиялык маданиятты жогорулатууга салым кошууга чакырабыз.
Таза шаар — ден соолукка пайдалуу жана келечекке кам көрүү!