2025-жылдын 30-июнунда Кемин шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча бюджеттик угуулар болуп өттү. Иш-чарага шаарыбыздын тургундары, активисттер жана тиешелүү адистер катышып, шаарды өнүктүрүүдө артыкчылыктуу болуп эсептелген маселелер боюнча өз ойлорун ортого салышты.
Угууларда жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматтар бериліп, бюджеттин негизги багыттары жана пландалган чыгымдар талкууланды. Катышуучулар бюджеттин каражаттары кандай тармактарга багытталышы керектиги боюнча сунуштарын айтып, чыгымдардын натыйжалуулугу боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын беришти.
Кемин шаардык мэриясы жарандардын пикирлерин эске алып, сунуштарды мыйзам чегинде жана мүмкүнчүлүктөргө жараша бюджет долбооруна киргизүү боюнча иштерди улантат.
