Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарынын мэриясы
административдик кызмат орундарынын кичи тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине кабыл алуу максатында ачык конкурс жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык статистика башкармалыгынын кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:
— Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
— 21 жаштан кем эмес болууга;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө.
Жалпы квалификациялык талаптар
Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы.
Билимдери:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Бюджеттик кодексин, Салык кодексин;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» мыйзамдарын;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерди кызматтык милдеттерди аткарууга жетиштүү деңгээлде билүү.
Иш билгичтиги:
— маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жыйынтыктоо;
— ишти натыйжалуу пландоо;
— калк менен натыйжалуу иш алып баруу (кеңеш берүү, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— кызматкерлерге так тапшырмаларды коюу жана алардын ишин калыс баалоо;
— кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.
Көндүмдөрү:
— тиешелүү тармакта жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— мамлекеттик жана/же расмий тилде эл алдында сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;
— компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык камсыздоолорду билүү;
— башкаруучулук ишмердүүлүк көндүмдөрү (пландоо, уюштуруу, координациялоо, мотивациялоо жана көзөмөлдөө);
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.
Билими: экономика жана бухгалтердик эсеп багытындагы жогорку билим.
Кичи административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис — 1 штаттык бирдик
Билимдери:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы.
— мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерди аткарууга жетиштүү деңгээлде билүү;
— компьютердик техника жана керектүү программалар (Word, Excel, «ТОКТОМ Про» маалыматтык-укуктук системасы) менен иштей билүү:
• тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор;
• издөө системалары;
• ар кандай браузерлер менен иштөө.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
- кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
- автобиография;
- резюме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн билим жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- 4×6 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;
- скоросшиватель папка;
- соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Документтер төмөнкү тартипте тапшырылат:
• жеке арыз, сүрөтү менен толтурулган жана кол коюлган кадрдык жеке баракча;
• электрондук почтасы көрсөтүлгөн резюме жана соттолгондугу тууралуу маалымат камтылган автобиография;
• негизги жана кошумча билимди тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
• илимий даража жана наам тууралуу документтер (бар болсо);
• паспорттун көчүрмөсү.
Талаптарга жооп берген талапкерлер гана конкурстун кийинки баскычына чакырылат.
Кабыл алынган документтер кайтарылбайт.
📍 Документтер 2025-жылдын 18-февралынан 04-мартына чейин
(15 жумушчу күндүн ичинде)
Дареги: Кемин шаары, Победа көчөсү, 29
📞 Тел.: (03135) 5-03-43, 5-02-76