Бүгүн Кемин шаарында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Райондун мекеме-ишканаларынын кызматкерлери, айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү, мугалимдер жана бала-бакча кызматкерлери тазалык иштерине активдүү катышышты.





Ишембиликтин алкагында айлана-чөйрө таштандылардан тазаланып, көчөлөр жана коомдук жайлар иретке келтирилди. Иш-чара шаарды көрктөндүрүүгө жана таза айлана-чөйрөнү сактоого багытталды.