Кемин районунун Кемин шаарында элдин тынчтыгын сактоо жана коомдук тартипти камсыздоо максатында профилактикалык рейддик иштер жүргүзүлдү.




Иш-чара Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын аткаруунун алкагында уюштурулуп, жарандарга мыйзамдын негизги талаптары түшүндүрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө мыйзам талаптарын бузган учурлар катталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөрү маалымдалып, жарандар коомдук тартипти сактоого чакырылды.