Бүгүн Кемин шаарында Жаштар күнүнө арналган кеңири форматтагы Жаштар форуму болуп өттү. Иш-чараны Кемин районунун акими К. Шакиров ачып, демилгелүү жана активдүү жаштарды куттуктап, аларга Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.
Форумдун жүрүшүндө жаштарга мотивация берүү жана тажрыйба бөлүшүү максатында төмөнкү коноктор сөз сүйлөштү:





- Эрмек Тынай уулу — багыт берүүчү жана насаат сөздөрү менен;
- Азамат Иманкулов — бизнес идеялары жана практикалык тажрыйбасы менен;
- Жакшылык Бекназаров — дем берүүчү жана шыктандыруучу кайрылуусу менен.
Иш-чара жаштардын потенциалын колдоого, алардын ой-пикирлерин угууга жана жаңы дем берүүчү аянтча түзүүгө багытталды.
Жаштар — биздин келечегибиз!