Шаар тарыхы

Chabdan Batir Munhoven2011

Кемин шаарынын кыскача тарыхы

Жайгашуусу: Кемин шаары Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда, Казакстан менен чек арага жакын жайгашкан. Шаар Чоң-Кемин дарыясы агып өткөн кооз жана жаратылышы бай аймактын бир бөлүгү болуп саналат.

1912

Быстрорецкое айылы (Быстрорецк волосту, Токмок участогу, Пишпек уезди) 1912-жылы Россиянын Европалык бөлүгүнөн көчүп келген дыйкан-көчмөндөр тарабынан негизделип, ал кезде 95 кожолукту түзгөн.

1954

Улуу муун өкүлдөрүнүн айтымында, 1930-жылдардан тарта Быстрорецкое айылы Быстровка деп атала баштаган. 1954-жылы Быстровка шаар тибиндеги поселке макамын алган.

1992

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 6-мартындагы № 829-XII «Чүй облусунун Кемин жана Сокулук райондорундагы айрым административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу пункттарды кайра атоо жөнүндө» токтомуна ылайык, Кемин районунун административдик борбору болгон шаар тибиндеги Быстровка поселкеси Кемин деп кайра аталды.

2012

Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 168 «Кыргыз Республикасынын айрым шаар тибиндеги поселкелерин кайра уюштуруу жана аларды айыл же шаар категориясына киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кемин шаар тибиндеги поселкеси райондук маанидеги шаар категориясына киргизилген.

2026

Бүгүнкү күндө Кемин шаары — 10 000ден ашуун калкы бар райондук борбор. Шаар Чүй облусунун Кемин району үчүн экономикалык, маданий жана административдик борбор, ошондой эле райондун негизги транспорттук түйүнү болуп эсептелет.

Азыркы тапта

Биздин шаар жаңы жашоого умтулуу менен жигердүү өнүгүүдө. Эркин ишкердик шартында шаар тездик менен өзгөрүп, заман талабына ылайык жаңыланууда. Шаардын жалпы аймагы 1040 чарчы километрди түзөт.

Кемин шаары Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан, борбор калаадан 100 чакырым аралыкта орун алган. Шаардын курамына бир микрорайон жана 48 көчө кирет, алардын бардыгы асфальтталган жолдор менен камсыздалган.

Алардын ичинен Бишкек – Нарын – Торугарт эл аралык маанидеги унаа жолу өтөт, анын шаар аймагындагы узундугу 3 чакырымды түзөт. Калган жолдор ички маанидеги асфальтталган көчөлөр болуп, көчө жарыктары менен жабдылган. Жолдордун жалпы узундугу 120 чакырым. Ички жолдордун ичинен 4 негизги көчө бар, ар биринин узундугу 2 чакырымдан.

Шаардын инфраструктурасы ыкчам өнүгүүдө. Жеке жана мамлекеттик менчиктеги бир катар ишканалар, уюлдук байланыш операторлору жана интернет-провайдерлер туруктуу иш алып барышат. Банкттык система 6 банкты жана 3 микрокредиттик компанияны камтыйт.

Шаар аймагында мунай иштетүүчү завод, металл буюмдарын чыгаруучу ишканалар, тигүү цехтери, наабайканалар, кант кызылчасын кабыл алуу пункттары жана башка көптөгөн чакан өндүрүштөр жайгашкан.

Улуу Жибек жолунун (азыркы А365 унаа жолу) боюнда жайгашкандыгына байланыштуу шаарда соода жана тейлөө кызматтары, кафе жана ресторандар кеңири өнүккөн.

Ошондой эле шаар аркылуу Бишкек – Балыкчы темир жолу өтүп, темир жол бекети иштеп турат.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.